Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.
Осмонов 3-октябрда күрөшүп баштаган. Ал эркин күрөш боюнча 65 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.
Кыргыз балбаны 1/16 финалдык баскычтан баштап, Франция, Бразилия, Украинанын спортчуларын үч ирет катары менен утуп, жарым финалга чыккан.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан ирандык спортчуга утулуп калды.
4-октябрда Осмонов польшалык балбан менен 3-орун үчүн кармашып, 4:1 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.
Бул медаль аталган турнирде Кыргызстан үчүн биринчи медаль болду.
65 кг чейин
1/16 финал
Алибек Осмонов — Марване Ахмед Езза (Франция) - 11:0
1/8 финал
Алибек Осмонов — Маркос Эусли Де Брито Сикуэра (Бразилия) - 12:2
1/4 финал
Василий Шуптар (Украина) — Алибек Осмонов - 3:5
1/2 финал
Алибек Осмонов — Амирмохаммад Бабак Язданичерати (Иран) - 4:5
Коло үчүн беттеш
Алибек Осмонов — Кжыштоф Биенковски (Польша) - 4:1