• Башкы бет
  • Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы алгачкы медалга ээ болду
13:57, 2021-ж., 5-октябрь

Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы алгачкы медалга ээ болду

Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы алгачкы медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Осмонов 3-октябрда күрөшүп баштаган. Ал эркин күрөш боюнча 65 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.

Кыргыз балбаны 1/16 финалдык баскычтан баштап, Франция, Бразилия, Украинанын спортчуларын үч ирет катары менен утуп, жарым финалга чыккан.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан ирандык спортчуга утулуп калды.

4-октябрда Осмонов польшалык балбан менен 3-орун үчүн кармашып, 4:1 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.

Бул медаль аталган турнирде Кыргызстан үчүн биринчи медаль болду.

65 кг чейин

1/16 финал

Алибек Осмонов — Марване Ахмед Езза (Франция) - 11:0

1/8 финал

Алибек Осмонов — Маркос Эусли Де Брито Сикуэра (Бразилия) - 12:2

1/4 финал

Василий Шуптар (Украина) — Алибек Осмонов - 3:5

1/2 финал

Алибек Осмонов — Амирмохаммад Бабак Язданичерати (Иран) - 4:5

Коло үчүн беттеш

Алибек Осмонов — Кжыштоф Биенковски (Польша) - 4:1

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...