Ош шаарындагы «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Жалил Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Алмаз Мамбетов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
- Аталган ишкананын мурунку жетекчиси Токторбаев Данияр Жусупович өз каалоосу менен арызын жазгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2019-жылы 26-июнда дайындалган.
Жалил Осмонов 1964-жылы 27-мартта туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин, 2008-жылы ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1989-2000-жылдары мугалим;
- 2000-2004-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясында системалык администратор, бөлүм башчы;
- 2004-2009-жылдары микрокредиттик компаниянын Алай районундагы бөлүмүндө директор;
- 2009-2012-жылдары «Ага Хан» фодунун Ош шаарындагы бөлүмүндө директор;
- 2008-2012-жылдары Алай райондук кеңешинин депутаты;
- 2013-2016-жылдары өкмөткө караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Алай райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2016-2018-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө каржы жана чарба секторунун башчысы;
-2018-2019-жылдары «Синжи-Пирим» жоопкерчилиги чектелген ишканасында реализатор;
- 2019-жылдан баштап «Ош Пирим-ОСкен» ЖЧКнын директору кызматында иштеген.
Ошондой эле ал 2020-жылы Ош шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу болгон.