• Башкы бет
  • Жалил Осмонов «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» директору болуп дайындалды
14:37, 2021-ж., 1-октябрь

Жалил Осмонов «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» директору болуп дайындалды

Жалил Осмонов «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» директору болуп дайындалды

Ош шаарындагы «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Жалил Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Алмаз Мамбетов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

  • Аталган ишкананын мурунку жетекчиси Токторбаев Данияр Жусупович өз каалоосу менен арызын жазгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2019-жылы 26-июнда дайындалган.

Жалил Осмонов 1964-жылы 27-мартта туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин, 2008-жылы ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 1989-2000-жылдары мугалим;

- 2000-2004-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясында системалык администратор, бөлүм башчы;

- 2004-2009-жылдары микрокредиттик компаниянын Алай районундагы бөлүмүндө директор;

- 2009-2012-жылдары «Ага Хан» фодунун Ош шаарындагы бөлүмүндө директор;

- 2008-2012-жылдары Алай райондук кеңешинин депутаты;

- 2013-2016-жылдары өкмөткө караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Алай райондук бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2016-2018-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө каржы жана чарба секторунун башчысы;

-2018-2019-жылдары «Синжи-Пирим» жоопкерчилиги чектелген ишканасында реализатор;

- 2019-жылдан баштап «Ош Пирим-ОСкен» ЖЧКнын директору кызматында иштеген.

Ошондой эле ал 2020-жылы Ош шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...