Бусурманкул Абдибаит уулу EFC уюмунун чемпиону болду. Уюмдун чемпиондук титул үчүн мелдеши Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-август күнү кечинде башталып, түн жарымда жыйынтыкталды.
Уюмдун мелдешинин алкагында ондогон мушкерлер, ар түрдүү салмактык категорияда күч сынашты. Мелдештин башкы беттеши Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык Руслан Йаманбаев ортосунда орун алды.
Беттештин 2-раундунда Абдибаит уулунун катар-катар соккуларынан кийин ортодогу калыс беттешти токтотту.
Руслан Йаманбаев аталган уюмдун орто салмактагы чемпиону эле. Бул беттеште чемпиондук курун коргоп кала алган жок.
Беттештен кийин Бусурманкул уулу көрүүчүлөргө кайрылып, буларды айтты: