• Башкы бет
  • Бусурманкул Абдибаит уулу EFC уюмунун чемпиону болду
00:20, 2021-ж., 4-август

Бусурманкул Абдибаит уулу EFC уюмунун чемпиону болду

Бусурманкул Абдибаит уулу EFC уюмунун чемпиону болду

Бусурманкул Абдибаит уулу EFC уюмунун чемпиону болду. Уюмдун чемпиондук титул үчүн мелдеши Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-август күнү кечинде башталып, түн жарымда жыйынтыкталды.

Уюмдун мелдешинин алкагында ондогон мушкерлер, ар түрдүү салмактык категорияда күч сынашты. Мелдештин башкы беттеши Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык Руслан Йаманбаев  ортосунда орун алды.

Беттештин 2-раундунда Абдибаит уулунун катар-катар соккуларынан кийин ортодогу калыс беттешти токтотту.

Руслан Йаманбаев аталган уюмдун орто салмактагы чемпиону эле. Бул беттеште чемпиондук курун коргоп кала алган жок.

Беттештен кийин Бусурманкул уулу көрүүчүлөргө кайрылып, буларды айтты:

"Кыргызстандыктар, телефонуңарды чыгарып, сүрөткө тартып, Дана Уайттан UFC уюмуна контракт түзүү сунушун сурагыла. Хабиб Нурмагомедов да турат, ал дагы сунуштайт болуш керек",-деди ал.

Хабиб Нурмагомедов Дана Уайттын мелдеш боюнча кабары бардыгын, аны тынымсыз машыгышы керектигин, аталган беттештен кийин көп мушкерлердин көз алдына алынгандыгын белгиледи.

EFC уюмунда мушташтын аралаш уруш түрү боюнча машыккан мушкерлер мушташат. Бул уюмду белгилүү мушкер, UFC уюмунун орто жеңил салмак категориясындагылар арасындагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов негиздеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...