Ош шаарында “Үлгүлүү короо” долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдолуп, шарттар түзүлө баштады

Ош шаарынын мэриясы тарабынан У.Салиева көчөсүндөгү №40-В, №40-Г2 көп кабаттуу үйлөрүнүн короосун оңдоп-түзөө боюнча долбоор ишке ашты. Долбоордун негизинде, аталган көп кабаттуу үйлөрдүн сырты акталып-сырдалып, ички жолдору асфальтталган. Эскирген ирригациялык лотоктор жаңыланып, балдар аянтчалары курулду. Мындан тышкары көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Мэр ар бир кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн арасын оңдоп-түзөө иштери уланаарын билдирди.

Маалыматка ылацык, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап-сырдоо ишерине кеткен акча каражаттын 50 пайызын үйдүн жашоочулары берген.

14:29, -ж., 27-февраль