• Башкы бет
  • Ош шаарында “Үлгүлүү короо” долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдолуп, шарттар түзүлө баштады
13:33, 2021-ж., 28-июнь

Ош шаарында “Үлгүлүү короо” долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдолуп, шарттар түзүлө баштады

Ош шаарында  “Үлгүлүү короо”  долбоорунун негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасы оңдолуп, шарттар түзүлө баштады

Ош шаарынын мэриясы тарабынан У.Салиева көчөсүндөгү №40-В, №40-Г2 көп кабаттуу үйлөрүнүн короосун оңдоп-түзөө боюнча долбоор ишке ашты. Долбоордун негизинде, аталган көп кабаттуу үйлөрдүн сырты акталып-сырдалып, ички жолдору асфальтталган. Эскирген ирригациялык лотоктор жаңыланып, балдар аянтчалары курулду. Мындан тышкары көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Мэр ар бир кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн арасын оңдоп-түзөө иштери уланаарын билдирди.

Маалыматка ылацык, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап-сырдоо ишерине кеткен акча каражаттын 50 пайызын үйдүн жашоочулары берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары #“Үлгүлүү короо”

Комментарийлер

live comments feed...