Кыргызстан менен Кытай биргеликте кино сериалын тартат

Кыргызстан менен Кытай биргеликте 40 сериядан турган «Жибек жолунун алыскы шамалы» аттуу кино сериалын тартат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.

Макулдашууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd» кинокомпаниясы кол койду.

Маалыматка карганда кинонун сценарийи 40 сериядан турат. Тартуу иштери ушул жылдын экинчи жарымында башталат. 

Сериал Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда тартылат. Бюджети 38 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоорду Кытай тарап демилгелеген.

14:29, -ж., 27-февраль