Аксыда сел жүрүп, мал-жандыктарды агызып кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 20-майда катуу жаандан улам сел жүрүп, 48 турак жайга зыян келтирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен билдиришти.

Табигый кырсык элүү баш койду жана эки жылкыны агызып кеткен. Андан сырткары 48 үйдүн, бир мектеп жана бир балдар бакчасынын короосун сел суулары каптаган.

Окуя болгон күнү 430 турак жайдын электр жарыгы убактылуу өчүрүлүп турду. 

«Сел жүргөн аймактарда азыр Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, калыбына келтирүү иштери жана келтирилген чыгмдарды аныктоо жумуштары жүрүүдө»,— деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда жалпы 37 сел кырсыгы катталып, үч жолу өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.

14:29, -ж., 27-февраль