Ошто чакан ГЭС ишке кирди

Ош облусунда бир чакан ГЭС ишке киргизилип, экинчисине капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, губернатор Элчибек Жантаев Ноокат районунда курулушу аяктаган чакан ГЭСтин иши менен танышып, жакында жеке ишкерлер тарабынан курула турган кичи ГЭСтин курулушуна капсула салды.

Жантаев белгилегендей, заманбап энергетика өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири, мамлекет энергетика тармагын өнүктүрүүгө каражатты жана ресурстарды жетиштүү жумшоодо.

14:29, -ж., 27-февраль