Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эверестти багындырды

17-май күнү кыргызстандык ишкер Кадыр Сайдилкан дүйнөдөгө эң бийик Эверест чокусуна чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып, видеолору менен бөлүштү.

Жердеги эң бийик чокуну багындырган альпинист бул эмгегин 91 жашка чыккан апасына, кыздарына жана жалпы кыргыз аялзатына арнаганын айткан.

Маалыматка караганда, ал чокуга өзү менен кошо үч киллограмдык «Манас» китебин, кыргыз желегин жана калпагын ала чыккан.

 «Чокуда айтам деген Манасым, кыргыз элиме айтам деген сөздөрүм айтылбады, тартам деген сүрөт, тасмаларым тартылбады. Себеби аба ырайы абдан катаал болуп, киши учурчудай, кабаттап кийген кийимге карабай сөөктөн өткөн суук жолтоо болду», — деген ал.

Буга чейин Эверест чокусуна Кыргызстандан биринчи болуп 1997-жылы Дмитрий Греков андан кийин 2021-жылы Эдуард Кубатов чыккан.

Эверест — бул Непал менен Кытайдын чектеш жеринде жайгашкан жер жүзүндөгү эң бийик тоо. Анын бийиктиги  8848 метр. Чоку биринчи жолу -1953-жылы багындырылган.

14:29, -ж., 27-февраль