Жумушсуздардын саны 2,5 пайызга кыскарды

Ушул жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө иш менен камсыз болгондордун саны эки  жарым млн адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган.

Министрликтен билдиргендей, буга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттеринин арты менен жетишилген. 

Натыйжада өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.

Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

14:29, -ж., 27-февраль