Ошто төрт суу кампасынын курулуш иштери башталды

Бүгүн «Ош суу канал» муниципалдык ишканасынын №3-7 насостук станциясында ар биринин жалпы көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн төрт суу кампасын куруу иштери башталды.

Жерди бургулоо жана куруу иштери менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып чыкты. Бул багытта аталган ишканага курулуштун сапатын көзөмөлгө алуу, жумушту белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду.

Ошондой эле, шаар башчысы курулуш иштеринин натыйжалуулугун жана убактысын үнөмдөө үчүн, төрт кампанын курулушун бир убакта баштоону тапшырды.

Белгилей кетсек, суу кампалары шаардыктарды таза суу менен камсыздоо максатында салынып жатат.

14:29, -ж., 27-февраль