Ошто банк кызматкерлери арасында футбол мелдеши башталды

Момунов атындагы футбол академиясында, Кыргыз Республикасынын Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган кичи-футболдун I-туру старт алды.

Анын ачылыш аземине КР Улуттук банкынын Ош облустук башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев, Ош шаардык мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов, Ош шаарынын жана Ош облусунун банк тармагынын кызматкерлери катышты.

Мелдеште 14 команда күч сынашып, оюндар 3-июнга чейин уланат.

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

14:29, -ж., 27-февраль