Ошто банкоматтардан акча уурдаган деген шек менен эки жаран кармалды

Ошто банкоматтарды талкалап, андан акча уурдаган деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция 30-мартта билдирди. 

Алгачкы маалыматтар боюнча, шектүүлөр Ош шаарында, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда уурулук кылышкан. Жалпы былтыр январдан, быйыл февраль айына чейин 19 ирет кылмыш жасагандыгы аныкталды.

Шектүүлөр Ноокат районунун 31 жаштагы жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну. Экөө теӊмурдабирнечежолусот жообуна тартылышкан. Кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдошот.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча санкция берилип, алар Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда.

14:29, -ж., 27-февраль