Кооптуу аймактан көчүрүлгөн элге чатырлар тигилди

Өзгөн районунун Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Алар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулган.

22-март күнү саат 05:00 чамасында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн. м3 жер көчкү түшкөн.

Ага ылайык райондук бийлик тарабынан I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланган. Аталган аймакта жайгашкан 18 турак жайдагы 195 тургун жеңил оокатары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Ал эми аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү керектиги эскертилген.

14:29, -ж., 27-февраль