Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырат

Жогорку Кеңештин депутаттары 10 күн аймактарды кыдырат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл өкүлдөрү 22-марттан 31-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат.

Мындай чечим 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынып, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому жактырылды.

14:29, -ж., 27-февраль