Бишкекте жалбырактарды өрттөгөндөргө айып пул салынат

Бишкек шаарынын мэриясы жалбырактарды өрттөгөндөргө айып салынарын эскертет.

Маалыматка караганда, тазалоодон кийин чогулган таштандылар жана жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоого болот, андан кийин алар «Тазалык» ишканасы тарабынан чыгарылат. Жалбырактардан чыккан түтүн оор кесепеттерге алып келген зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Эгерде мыйзам бузуу фактылары катталса жеке жактарга 7 миң 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айыппул салынат.

Өлкөдө 15-марттан 15-апрелге чейин аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча бир айлык ишембиликтер өткөрүлөт.

14:29, -ж., 27-февраль