Ош: Амир-Тимурда курал-жарак сакталган жай табылды

Ош шаарынын “Амир-Тимур” микрайонунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Жашыруун жайды тинтүү учурунда 3 даана тапанча, граната жана башка курал-жарактар, ок-дарылар табылган. Бул факт боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин негизинде иш козголуп, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө аракеттери жүрүп жатат.

14:29, -ж., 27-февраль