Сулайман-Тоодон таш кулап, бир үй жабыркады

Сулайман-Тоодон кулаган таштын кесепетинен бир турак үй жабыркады. Окуя 24-февралда катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, таш шаардагы Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан үйдүн дубалыны тешип кирип кеткен.

Жашоочу ӨКМге кайрылып, ташты майдалап алып чыгууга 8 куткаруучу тартылган. Тоодогу таш туруксуз аба ырайына жана жаан-чачындын кесепетинен кулаган.

14:29, -ж., 27-февраль