Акыркы бир аптада коронавирустун 40 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда 20-февралдан 27-февралга чейин COVID-19дун 40 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлады.

Алардын ичинен 20 бейтап ооруканага жаткырылган.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылы жана 2023-жылдын 57 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 миң 925 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 914 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2 миң 11и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

14:29, -ж., 27-февраль