Денис Петрашов Америкадагы мелдеште биринчи орунду алды

Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Америкада өтүп жаткан Атлантика конференциясы чемпионатында рекорд жаратты. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясы 19-февралда билдирди.

Петрашов турнирде биринчи орунду ээлеген. Ошондой эле, 200 метр аралыкка 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен сүзүп рекордду жаңылаган.

Чепмионат АКШнын Атланта шаарында өтүп жатат. Кечээ, ушул эле турнирде Денис Петрашов 200 ярдды (болжолдуу 183 метр) 1:51:89 мүнөттө сүзүп өтүп, экинчи орунду багындырган.

Денис Петрашов Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын лидери. Ал былтыр Түркияда өткөн Ислам шериктештиги оюндарында 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,54 секундда сүзүп алтын медаль уткан.

14:29, -ж., 27-февраль