Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган А.Р.Б. аттуу жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Ал Жалал-Абад шаарынын тургунунан 2 миллион 900 миң сом талап кылган. Күч колдонуу менен анын 120 миң сомун алып жаткан учурда кармалган.

Сот шектүүнү ушул жылдын 12-мартына чейин ТИЗОго киргизген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

14:29, -ж., 27-февраль