Араванда бир жыл мурун адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Араван районунда 29-январда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран Ош шаарында кармалды.

Ош облустук милициясынан билдиришкендей, ал 2021-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 02:00 чамасында өзүнүн шериктери менен С. Юсупова айыл аймагынын жашоочусу 54 жаштагы К. Ю үйүнө мыйзамсыз киришип, аны өлтүрүшүп, издерин жашырып качып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесиндеги (Адам өлтүрүү) кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран 2021-жылы болгон адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн.

Учурда кылмышка шектүү Ф. Р. Араван милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

14:29, -ж., 27-февраль