Майлуу-Суу: Жылуулук берүүнүн токтотууга байланыштуу келтирилген чыгым 43 миллиондон ашты

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүүнү токтотууга байланыштуу келтирилген материалдык чыгым 43 миллион 821 миң сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Инженердик кызматтардан келтирилген зыян 15 миллион 377 миң 910 сом 56 тыйынды, калыбына келтирүү иштеринин суммасы 1 миллион 834 миң 628 сом, экономикалык зыян 26 миллион 609 миң 304 сомду түзгөн.

Быйыл 12-январда катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычтагы түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Жашоочуларга берилген суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отказанда суу берилбегендиктен жылуулук берүү токтотулган. Буга байланыштуу 13-январдан тарта шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 23-январда жылуулук берүү иши калыбына келтирилди.

14:29, -ж., 27-февраль