Баласын сабаган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду

27-январда Кадамжай районунун тургуну жарандык никеде жашап жүргөн аялынын үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда ал аял 2 жаштагы А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Милициядан билдиришкендей, алар жарандык никеде жашап жүрүп кыздуу болушкан.

«Ушул жылдын башында жашабай калышан. Аял кызын  уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган. Аталган факты боюнча жаш бала А.Х.  карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Аялдын уюлдук телефондору далил буюм катары алынган», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  138-бер. 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

14:29, -ж., 27-февраль