Пакистанда жардыруудан улам 70 адам каза болду

Пакистандын Пешавар шаарында 30-январда көп адам намазга чогулган мечитте жардыруу болду. Полициянын расмий өкүлү Искандар Хан имараттын бир бөлүгү урап, анын астында бир нече адам калганы болжолдонуп жатканын айтты, деп жазат "Азаттык".

Пешавардагы "Леди Рединг" ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим 70 киши жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди.

Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, түрдүү чабуулдар болуп эатат. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келет.

14:29, -ж., 27-февраль