Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган активист Атай Бейшенбекке дагы бир кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу анын адвокаты Тимур Султанов “Азаттыкка” билдирди.
Ага ылайык, Бейшенбекке Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып тагылды:
213-беренесинин, 4-бөлүгү (Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө) ;
278-берененин, 2-бөлүгү (Массалык башаламандыктар);
209-берененин, 3-бөлүгү (Алдамчылык).
Адвокат билдиргендей, биринчи эки берене 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу. Ал эми алдамчылык боюнча иш буга чейин козголуп, кайра жабылган. Ал боюнча соттун чечими жокко чыгарылып, кайрадан козголду.
Султанов Атай Бейшенбектин айыбы 24-январда угузулганын билдирди.
Ички иштер министрлиги жаңы козголгон кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.