Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө 50 миллиард сомго чейин акча жумшаларын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү.

Ал өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарууда 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 919 млрд сомдон ашуун болгондугун билдирди.

«2 жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өстү. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 438,1 млрд сомду түздү. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны 503 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет», — деди ал.

Мындан сырткары ал быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 млрд сом багытталарын билдирди.

«Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», — деди Жапаров.

14:29, -ж., 27-февраль