Улуттук банк соңку эң ири валюталык интервенциясынын себебин түшүндүрүп, буга жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш негиз болгонун билдирди.
Улуттук банк ири интервенциялардын себебин түшүндүрдү
13:36, 2023-ж., 12-январь
Economics “Бул убакыт аралыгында, ошентип, өлкөнүн валюта рыногунда адатта чет элдик валютага айрыкча импортерлордун суроо-талабы жогорулайт”, - деп билдирди өлкөнүн башкы банкы.
Буга өнүккөн өлкөлөрдүн борбордук банктарынын монетардык саясатынын катаалдашы, аймактагы аныксыздык деңгээлинин сакталып турушу сыяктуу глобалдык факторлор менен мүнөздөлгөн тышкы экономикалык жагдай да кошумча таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
Улуттук банк 10-январда быйылкы жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган.