Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал 8-январда өзүнө бейтааныш адамдын бутуна жараат келтирип, автоунаасын айдап качканга шектелүүдө.

Окуя тууралуу милицияга Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан маалымдашкан. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Таш-Көмүр шаарынын 38 жаштагы тургуну О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

14:29, -ж., 27-февраль