Нарында жөө жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочу кармалды

Кочкордо жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-январында болжол менен саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор-Арал авто жолунун 22-чакырымында белгисиз автоунаа белгисиз жаранды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жол кырсыгынан болжол менен 35-40 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын издөө бөлүмү жана Нарын ОИИБ боюнча ЖККБнын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары «Schmitz PR 24 (Howo)» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган Б.у.А. аттуу айдоочусун кармалып, Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

14:29, -ж., 27-февраль