Ошто муниципалдык кызматкерлер сыйланышты

30-декабрда Ош шаарынын мэриясында жыл жыйынтыгына ылайык бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасы өттү. 

Мэр Бакытбек Жетигенов мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин 2022-жылы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын, иштеги жогорку көрсөткүчтөрүн белгиледи. 

30дан ашуун кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын жана чарбалык субъекттердин өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

14:29, -ж., 27-февраль