Бириккен күрөш дүйнөсү кыргыз балбанын "Жылдын мыкты балбаны" деп тапты

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып, кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду «Жылдын мыкты балбаны» деп тандады. Бул тууралуу федерациянын сайтына жарыяланды.

Шаршенбеков күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 кг салмакта күч сынашып келет. Өтүп бара жаткан жылда дүйнөнүн, Азиянын жана Ислам оюндарынын чемпиону болду.

Азия чемпионатынын алтын, күмүш жана коло байгелерин уткан. 2021-жылы балбан Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон. Сербиянын Белград шаарындагы дүйнө чемпионатында 60 кг салмакта болгариялык балбанды 11:2 эсебинде жеңип Кыргызстан үчүн экинчи алтын байгени уткан.

Бириккен күрөш дүйнөсү буга чейин кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековду 2022-жылдын жыйынтыгы менен «тарых жаратуучулар» деп тапкан. UWW тандоосунда Махмудовдун дүйнөлүк чемпионатта эки мүнөт ичинде венгриялык атаандашын 8:0гө уткан жеңишин баалаган. Ал эми Шаршенбеков өз мекендешинин изи менен кетип, Кыргызстан үчүн экинчи алтынды утуп алганы айтылган.

14:29, -ж., 27-февраль