Чүйдөгү окуучулардын массалык мушташы боюнча иликтөө иштери башталды

Иллюстрациялык сүрөт

Чүй милициясы Панфилов районундагы өспүрүмдөрдүн калайман мушташынын чоо-жайын иликтей баштаганын 28-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, окуя 27-декабрда Кайыңды шаарында болгон. Аталган шаардын жана Панфиловка айылынын өспүрүм тургундары мушташа кетип, 17 жаштагы бала ур-токмокко кабылып, телефонун алдырып жиберген.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренесинин негизинде каттоого алынды.

Шектүү катары 17-21 жаштагы эркектер кармалганы, алардын арасынан пневматикалык курал табылганы жана бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.

14:29, -ж., 27-февраль