Аялдар абагына жашыруун түрдө телефон алып кирүүгө аракет жасаган жаран кармалды

Бишкек шаарынын четиндеги Степное айылында жайгашкан №2- түзөтүү мекемесинин аялдар абагына жашыруун уюлдук телефон киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынынан билдиришти.

Маалыматка караганда А. Г. аттуу жаран абакка сыртынан жөнөкөй көрүнгөн кадимки шыпыргыны киргизүүгө аракет кылган.

Бирок, аталган жайдын кызматкерлери атайын жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө төрт уюлдук телефон табышкан.

Эске салсак, ЖАК объектилеринде мобилдик байланыштар тыюу салынган буюмдардын катарына кирет.

14:29, -ж., 27-февраль