Ош: "Т" формасындагы жолдон Ош шаарына баруучу жолдун курулушу башталды

21-декабрда Ош шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан (“Т-образка”) Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери башталды.

Белгилей кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов бул жерге барып, Ош шаарында жыл сайын унаалардын көбөйүшүн эске алып, тиешелүү жол кызматтарына Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү жана ДЭП-21 ишканасы менен биргеликте жолду куруу үчүн даярдык иштерин баштоого көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

Ош шаарынын башкы планына ылайык, бир катар долбоорлор каралып жатат, анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу “Т” формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору бар.

Бул долбоордун негизги максаты – шаардын көчөлөрүндөгү, анын ичинде калаанын кире беришиндеги Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын чечүү. Демилге Ош шаарынын бекитилген башкы планына ылайык шаарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштелип чыгууда.

14:29, -ж., 27-февраль