Кыргызстанда кышкы туристтик сезон ачылды

Кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 17-декабрда «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, президенттин Чүйдөгү өкүлү Нурил Алымбаев жана башка эс алуучулар катышты.

Иш-чарада Туризм департаменти менен тыгыз жана ийгиликтуу кызматташкан ата-мекендик жана эл аралык уюмдарга «Өзгөн мунарасы» статуеткасын тапшырылды. Ал эми туризм тармагына өзгөчө салым кошкон инсандарга «Туризмдин мыкты кызматкери» төш белгиси жана ардак грамоталар менен сыйлашты.

14:29, -ж., 27-февраль