Бразилиянын футбол курамынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Бразилиянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тите кызматынан кеткенин жарыялады. Ал бул тууралуу Дүйнө чемпиондугунда команда Хорватияга утулгандан кийинки пресс-конференцияда билдирди. 

«Бул циклдин аягы.  Мен бир жарым жыл мурун айткандай эле, цикл бүттү. Мен өзүмдүн эмгегимди баалай турган абалда эмесмин. Келечекте сиздер өзүңүздөр баа бересиздер.», — деген Тите

Тите 2016-жылдан тарта Бразилиянын футбол боюнча курама командасын жетектеп келген. Бул жылдар аралыгында команда 81 оюн өткөрүп анын 60ын жеңген. Титенин жетекчилигинде Бразилия 2019-жылы Америка кубогун уткан.

Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында 9-декабрда Бразилия курама командасы Хорватия менен ойноп, пенальтилер сериясында 2:4 эсебинде утулду.

14:29, -ж., 27-февраль