Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун абакта кармоо мөөнөтүн 2023-жылдын 23-февралына чейин узартты. Бул тууралуу 9-декабрда «Т-Медиага» мекеменин басма сөз кызматы билдирген.
Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы
23-24-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын арасында саясатчы Азимбек Бекназаров да бар.
Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдалган. Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынган.