• Башкы бет
  • Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калтырылды
13:03, 2022-ж., 10-декабрь

Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калтырылды

Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун абакта кармоо мөөнөтүн 2023-жылдын 23-февралына чейин узартты. Бул тууралуу 9-декабрда «Т-Медиага» мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

Активист, саясатчылардын жапырт кармалышы

23-24-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана  48 саатка камакка алынган. Алардын арасында саясатчы Азимбек Бекназаров да бар.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдалган. Ошол эле күнү кармалгандардын баары соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азимбек Бекназаров

Комментарийлер

live comments feed...