Кадамжайда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кетти

Кечээ, 6-декабрда Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кеткен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ саат 10:00 чамасында Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабы жакта катталган. Анда Өзбекстандын жараны «Daewoo Lacetti» үлгүсүндөгү унаасын айдап баратканда кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны бара жаткан. Жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай райондук милиция бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

14:29, -ж., 27-февраль