Улуттук банк 59,5 миллион долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 6-декабрда сатыкка накталай эмес 59,5 миллион доллар чыгарды.

Буга чейин 16-ноябрда ушундай эле негизде 55,2 миллион доллар сатылган.

Жыл башынан бери жалпысынан 14 жолу интервенция жүргүзүлдү. Анын жетөөндө Улуттук банк 399 миллион доллар сатса, калган жетөөндө накталай эмес 190 миллион доллар сатып алды.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Бүгүнкү күндө Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында бир доллар 85-86 сом болууда.

14:29, -ж., 27-февраль