Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшырууга сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-жылга Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшырууга сынак жарыяланганын маалымдады. Ал Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында тандалат.

Кыргызстандыктарга Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

«Конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Башка агенттиктер аркылуу тапшырбаңыз жана алардын тапшыруу кызматтары үчүн акы төлөбөңүз», — деп айтылат министрликтин маалыматта.

Ошондой эле, стипендиялык программага катышуу боюнча суроолорду иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519, 620497 номерлери аркылуу кайрылса болот.

2022-жылдын 1-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек.

14:29, -ж., 27-февраль