Алмаз Имангазиев жаңы кызматка барды

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматта «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды», — деп айтылат.

Алмаз Имангазиев Түркмөнстанга элчи болуп дайындалган Азизбек Мадмаровдун ордуна дайындалган.

Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси кызматын аркалап келген.

14:29, -ж., 27-февраль