Баткенде бала бакчанын 5 кызматкери тамакка ууланып оорунакага түштү. Бул тууралуу «Т-Медиага» Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асел Бошбаева билдирген.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунундагы «Баластан» балдар бакчасынын кызматкерлери 22-ноябрда ооруканага түшкөн. Алар үй шартында даярдалган консервадан ууланган деп болжолдонууда. Бейтаптардын үчөө бала бакчанын ашпозчусу, бири чарба кызматкери, бири бөлүм башчысы болгон. Учурда Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөөнүн абалы орто, үчөө өтө оор деп бааланууда.