Кыргызстанда 14-ноябрда секелек кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө старт алган. Бүгүн, 23-ноябрга карата республика боюнча 120 миңден ашык кыз эмдөөдөн өткөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, бул сан максаттуу топтун 50 пайызын түзөт.