Ош: спорттук аянтча ачылды

17-ноябрда Ош шаарында workout аянтчасынын ачылышы болду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, “Шоро-Ош” компаниясынын директору Айбек Абдыбачаев, спортчулар жана жаштар катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген воркаут спортчулары оюн-зоокторду көрсөтүштү. 

Аянтчанын жалпы аянты 250 чарчы метр. Участоктун аймагында турник жана брустардан тышкары эко отургучтар, велосипед токтотуучу жай бар. Ошондой эле көчө гимнастикасын сүйүүчүлөр акысыз Wi-Fi колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул аянтча “Дельфин” бассейнинин жанында жайгашкан. 

Бул аймакты реконструкциялоону “Шоро” компаниясы 30 жылдыгына карата жүргүзгөн.

14:29, -ж., 27-февраль