Ош: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында спорт мелдештери болду

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында футбол жана шахмат боюнча шаардык биринчилик өттү. Иш-чаралар 3-декабрь - Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата уюштурулууда.

Бул турнирге Жалал-Абад, Баткен, Ош облусу жана Ош шаарынан 9 команда катышты. Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары, баалуу белектери менен сыйланышты.

14:29, -ж., 27-февраль